www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында заманбап эмерек чыгаруучу «Нурислам Эмерек» заводун жыл аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.

Ири инвестициялык долбоордун алкагында 7 миң чарчы метр аянтты ээлеген өндүрүштүк комплекс курулуп, заманбап жабдуулар менен камсыздалат.

Ишканада үй жана кеңсе үчүн эмеректер өндүрүлөт.

Завод ишке киргенде 150дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлөт. Анын 70 пайызга жакыны жергиликтүү тургундарга берилет.

Ишканада кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүүгө да көңүл бурулат. Тактап айтканда, спорт зал жана түшкү тамактануучу жай уюштурулат. Ал эми ширетүүчүлөргө жумуштун өзгөчөлүгүнө байланыштуу эртең менен сүт берилет.

Мындан тышкары, кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо максатында аларды жылына бир жолу санаторийлерге жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Ишкана жергиликтүү кадрларды тартууга өзгөчө маани берет. Эмерек жасоо тармагында тажрыйбасы жок жарандар да ишке орношуп, кесипти үйрөнө алышат.

Бул өзгөчө жаштарга жаңы кесип өздөштүрүп, тажрыйба топтоого шарт түзөт.

Долбоордун ишке ашырылышы ата мекендик эмерек өндүрүшүн кеңейтүүгө, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоого жана Каракол шаарынын өнөр жай потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Последние новости