www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарында кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар толугу менен алынат. Бул боюнча муниципалдык мүлк башкармалыгы атайын рейддик иштерди жүргүзүп, мыйзам талаптарын бузган объекттерди бирден аныктап, демонтаж кылуу процессин башталанын мэриядан билдиришти.
Шаардын борбордук бөлүгүндөгү Жумагул Алышбаев көчөсүндө жайгашкан айрым соода түйүндөрү жана тамактануучу жайлар жолдун кызыл сызыгынан болжол менен 4 метрге чейин чыгып кеткендиги такталган. Мындай мыйзамсыз кеңейтүүлөр жөө жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын коопсуз кыймылына олуттуу тоскоолдук жаратууда.
Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Саламат Чыныбеков билдиргендей, объект ээлерине буга чейин бир нече жолу расмий эскертүүлөр берилген.
Учурда мурдагы «Факир» кафесинин алдындагы мыйзамсыз кошумча курулуштары алынып жатат. Ага жакын жайгашкан майда соода түйүндөрүнүн ээлерине өз алдынча алып салуу үчүн акыркы 2–3 күн мөөнөт берилди. Белгиленген убакытта алынбаса, мыйзам чегинде иштер жүргүзүлөт.
Шаар ичиндеги кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды алуу боюнча иштер активдүү улантыла берет.