www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынында Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов уюмга кирген өлкөлөрдүн аскердик тармактагы өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө жана биргелешкен даярдыкты кеңейтүүгө чакырды.
Ал аскердик кызматташууну мындан ары арттыруу, коркунучтарды өз убагында аныктоо жана аларга биргелешкен чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Белоусов регионалдык коопсуздукту бекемдөө үчүн оперативдик жана күжүрмөн даярдыкты өнүктүрүүнүн маанисин баса көрсөттү.
Министр өзүнчө Россия ШКУга мүчө бардык өлкөлөрдү 28-сентябрдан 3-октябрга чейин өтө турган «Борбор-2026» стратегиялык командалык-штабдык машыгууларына катышууга чакырганын билдирди. Машыгууларга аскердик контингенттердин жана байкоочулардын катышуусу күтүлүүдө.
Анын айтымында, машыгууларды даярдоодо заманбап куралдуу кагылышуулардын тажрыйбасы эске алынып, сценарийлер учурдагы шарттарга ылайыкташтырылууда.
Мындан тышкары, Белоусов «Тынчтык миссиясы» аттуу биргелешкен антитеррордук машыгууларды кеңейтүүнү, ошондой эле ШКУнун ЖККУ жана КМШ сыяктуу коопсуздук түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн чыңдоону сунуштады.