www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каршы тилкеге чыккан айдоочу жоопкерчиликке тартылды

Тоо-Ашуу ашуусунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен каршы тилкеге чыгып, башка айдоочуларга коркунуч жараткан айдоочу аныкталып, жоопкерчиликке тартылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя тартылган видео социалдык тармактарга тараган.

Андан унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын башка катышуучуларына коркунуч жараткандыгы көрүнгөн.
Бул факты боюнча ЖКККББнын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, айдоочунун өздүгүн аныкташкан.

Ага карата мыйзамда белгиленген тартипте укук бузуу жөнүндө тиешелүү протокол түзүлгөн.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.

Айрыкча тоолуу аймактарда жана ашууларда жолдун абалына, аба ырайына жана көрүнүштүн чектелүүсүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Мекеме каршы тилкеге чыгуу айдоочунун өзүнө гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана коопсуздугуна да түздөн-түз коркунуч жаратарын эскертти.

Последние новости