www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мектеп формасына коюлган талаптар өзгөргөн жок. Окуучулар мектепке классикалык стилдеги кийим менен келиши керек.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Белгиленген талаптарга ылайык, мектепке спорттук кийим жана бут кийим, джинсы, пляждык жана үй кийимдери менен келүүгө жол берилбейт.

Ата-энелер мектеп формасын өз алдынча тандай алышат. Негизги талап — кийимдин үстү ачык, асты күңүрт түстө болушу керек.

Кыздардын юбкасы же көйнөгү тизеден кеминде 5 сантиметр төмөн болушу зарыл. Ал эми эң узун варианты балтырдын ортосуна чейин жетиши мүмкүн.

Балдар үчүн мектеп формасы көйнөк, жилет, шым жана пиджактан турат. Кыздарга да, балдарга да кара, боз, көк жана кочкул кызыл түстөгү классикалык кийимдерге уруксат берилет.

Ошондой эле мектеп формасы бирдиктүү түс гаммасында болуп, үчтөн ашык түстү айкалыштырбашы керек.

Министрлик мектеп формасын тандоодо аба ырайын жана мектептеги температураны эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Последние новости