www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адатта карт саясатчылардын ойногонун, жойкумалыгын көрүп жүрөбүз. Алардан үлгү алган жаштар да чыгышты. Биз бул жаатка тыкыр көз салып, «саясый сойкулукка» берилгендерди четинен тизмектеп келебиз.

Маселен, өткөн парламенттик шайлоодо Гүлзара Кокенова аттуу ышкыбоз «Замандаш» партиясынан аттанса, бул саам Бишкек шаардык кеңешине аты-жыты белгисиз «Ишеним» менен булганыч топко аралашты. Караандабай чаңдын арасында калыптыр.

Кээде таңкаласың да, кийинки жаштар эмне болуп баратышат? Эң оболу, кыргыздын кыз-келиндери үй-бүлө күтүп, жок дегенде эки-үч баланы төрөп, тарбиялап, андан кийин деле саясатка аралашса жетишет да, туурабы? Калганын чечмелебей эле коёлу. Бул «сабагыбыз» бир эле Гүлзара Кокеновага тийешелүү эмес, жалпы жаштарга айтылган кеп-нуска.

Эч нерсени көрбөгөн, тажрыйбасы жок, курулай амбицияга алдырган улан-кыздардын удургуп жүрүшкөндөрү уяткарат. Маанисиз блогерлер ойду-келди тантырашса, митингдерге аралашкандар мындан көп, ушундайлардын келечеги болмок беле? Андан көрө кайсы бир кесипти аркалоо менен жаштарыбыз билимин, тажрыйбасын кеңейтип, баралына келгенде саясатка чыгышпайбы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости