www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шымкенттеги карылар үйүндө 80 жаштагы жубайлар адаттан тыш үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүштү, деп билдирет Tengrinews.kz.
Алар Шымкенттеги социалдык тейлөө борборунда жолугуп калышкан. Кашымбек Мусакулов эки жыл мурун балдардын тынчын албоо үчүн үйүнөн чыгып кетүүнү чечкен. Бул жерде ал Салтанат Ешанкоджаева менен таанышкан.
"Сый болсо, сүйүү да сөзсүз болуш керек. Аба ырайынын начардыгынан көчөгө чыга албай калдык. Азыр шаарга, ресторанга барууну ойлоп жатабыз", - дейт Кашымбек Мусакулов.
Кашымбек Мусакулов 80 жашта, ал эми Салтанат Ешанкоджаева 83 жашта. Ешанкоджаева көпкө чейин макул болбой жүргөн. Учурда түгөйлөр өзүнчө жашап, мамилесин мыйзамдаштырууну чечишкен.
Булак: NazarNews.kg