www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык норма боюнча кыргыз, түркмөндөрдүн жеткен чеги армиянын генералы болсо керек. Буларды тим койсо маршалдарды жайнатып салмак, бирок маршалдар аскерлердин санына жараша берилет, биздики маршалга жетпейт. Түркмөндөрдүкү да бирок алар армиянын генералы наамын алып жатышат. Жакында Сердар Бердымухаммедовго армиянын генералы наамы берилди. Мурун кандай наамы бар экенин ким билет. Бизге окшоп секирип кеттиби ким билет. Секиргенди Аскар Акаев баштаган. Ленинграддагы бирге окуган курсташы Мисир Ашыркуловдун Аскер-деңиз флотунун мичманы деген наамы болсо керек, аны генерал кылып УКМКны жетектеткен.
КМШ президенттеринин ичинен эң кичүүсү эле Сердар Бердымухаммедов. Илгери Саясий бюродо Горбачев эң кичүүсү болуп калат. «Кичүү болгуча, иттин күчүгү бол»- дешип аны аракка чурката беришип, ташыркап арактан аябай тажаган Горбачев мамлекет башына келер менен аракка каршы согуш ачкан. Азыркы КМШ президенттеринин ичинен эң кичүүсү Сердар Бердымухаммедов кичүү болуп арак ташыгандан эринип, экссоветтик президенттер менен аралашпай, америкачыл болуп кеткен. Ал жакта улууларына арак ташытат турбайбы. Ошентип ал жакта сексенден ашып калган Байден акебиз сакалын сүйрөп арак ташып жүрөт. Сердар Бердымухаммедов болсо аттын башын орустар тарапка бурду. КМШ президенттеринин дагы бир кичүүсү Пашинян арак ташып жүрүп эле баса албай мамлекет башчысынын кызматын өткөзүп кутулчудай. Ал атасынан президенттик такты мураска алып калган Илхом Алиевке майдай жагууда, баса Сердар Бердымухаммедов атасынан такты мураска алып калган. Тажикстанда Эмомали Рахмон такты уулуна өткөзөм деп жүрөт, Эмокеңдин сегиз кыз жана жалгыз баласы бар. Бизде андай мураска калтыруу традицияда жок. Биздин президент мөөнөтүнүн аягына чейин чыдаса болду. Убакыт көрсөтөөр.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго армиянын генералы деген аскердик наам ыйгарылганын өлкөнүн мамлекеттик “Алтын доор” маалымат агенттиги билдирди. «Түркмөнстандын парламенти Конституциясынын 81-беренесине ылайык президент, Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку командачысы Сердар Гурбангулыевич Бердымухамедовго армиянын генералы аскердик наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп айтылат өлкөнүн Межлисинин маалыматында. Буга чейин Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов улуттук лидер болуп жарыяланып, анын ыйгарым укуктары да аныкталган.
Эми жаңы эрежелерге ылайык, ал өлкөнүн элине кайрылууга туруктуу укугу бар, ал Түркмөнстандын парламентинин жыйындарында, ошондой эле саясий партиялардын жыйындарында жана съезддеринде сүйлөй алат. Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматтан 2022-жылдын март айында кеткен. Ошол эле айда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, аны анын уулу Сердар Бердымухамедов жеңген. 19-мартта анын инаугурациясы болгон. Былтыр май айында улуттук килем токуу өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Сердар Бердымухамедовдун апасы Огулгерек Бердымухамедовага Түркмөнстандын эмгек сиңирген килемчиси наамы ыйгарылган. Мындай чечимди өлкөнүн президенти кабыл алган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg