www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кесиптик лицейлерди аттестациялоо жана валидациялоо боюнча көз карандысыз борбор түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, бул маселе билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова, орто жана жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында талкууланды.
«Учурда эмгекке жарамдуу калктын 60 пайызынын кесиптик билими жок экенин эске алып, көз карандысыз сертификация жана валидация борборун түзүү аба менен суудай зарыл. Бул иштер Билим берүү министрлигине караштуу сегиз тажрыйба борборунда жана мыкты деп табылган кесиптик лицейлерде жүргүзүлөт. Борборду түзүү боюнча документтер макулдашылып жатат», - деди министрдин орун басары.
Расул Абазбек уулунун айтымында, борбор бардык процессти координациялайт, кызыкдар тараптар (иш берүүчүлөр, бизнес-ассоциациялар, Соода-өнөр жай палатасы, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги) менен тыгыз байланыш камсыздалат.
Долбоор GIZ өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.
Булак: NazarNews.kg