www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карындашын зордуктоого аракет кылган кишини өлтүргөн деп кармалган жаранга козголгон кылмыш иши кайра классификацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө тарабынан кармалган жаранга карата психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалды.

«Экспертизанын жыйынтыгы менен кармалган адамдын аракетине юридикалык баа берилет. Экспертиза адам чындап эле аффект абалында ок чыгарганбы, көрсөтүшү керек. Ошондон кийин гана айыптарды кайра квалификациялоо жөнүндө сөз кылууга болот. Маркумдун өздүгү такталып жатат», - деди Сирожиддин Камолидинов.

Эске салсак, кечээ, 1-июлда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында Токмокко жакын жерде болгон адам өлтүрүү фактысы катталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталган. Карындашын коргогон адам кармалып, Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости