www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кездери “медиа” тармагы боюнча сайрап жүрүп, атамбаевдик бийликке жагып КТРК деген “кара жашиктин” “жүгүн көтөргөн” тапан бар Илим Карыпбеков деген. Мына ошол учурунда чаң жугузбай келген тармагын эми “жабыш керек” деп калыптыр. Ал муну эки күн мурун, тагыраагы 18-ноябрда Твиттердеги баракчасына жазып чыгыптыр.

Эми муну кандай түшүнсө болот?.. Албетте, кеткен катын мурдагы кайын журтун жамандагандай эле кеп болуптур. Анда, Карыпбеков КТРКны кошуп туруп баардык мамлекеттик массалык маалымат каражаттарын жабуу керек экенин айтат.

Туура түшүнсөк, анын бул “идеясынын жаралышына” депутат Рыскелди Момбековдун райондук жана облустук гезиттерди кыскартууга каршы айтканы себеп болгон. Карыпбеков мындай пикирге кошулбай турганын билдирген. Анткени анын көз карашында жергиликтүү ММКлар эбак эле эскирген.

Адатта, “ичкен кудугуңа түкүрбө” деген ата-бабадан келе жаткан накыл кеп бар. Анын сыңары кандай болбосун, турмуш кайыгы кайда бурбасын “адам” болуп калуу керек.

Эске сала кетсек, Илим Карыпбеков улуттук телерадиокомпанияны 2015-жылдан тартып, төрт жылдан ашык убакыт башкарган. Ал 2019-жылдын 19-мартында ыйгарым укугу соңуна келгендигинен улам кызматын таштап кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости