www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Россия Федерациясына иш-сапары менен барды. Иш-сапардын алкагында Россия Федерациясынын Ички иштер министри, полициянын генералы Владимир Колокольцев менен жолукту.

Тараптар негизги темалардын бири катары эсептелинген эки мамлекет башчыларынын мурда макулдашылган мамлекеттер аралык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программасын ишке ашырууну талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев эки министрликтин кызматташтыгын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, аталган этапта иштиктүү негизде мамиле түзүлүп жаткандыгын айтты.

Жолугушууда Владимир Колокольцев Россиянын ИИМи менен Кыргыз Республикасынын ИИМнин ыкчам-кызматтык ишмердүүүлүктүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу жана көп тармактуу форматта натыйжалуу кызматташыктарын белгиледи. Россиянын ИИМдин башчысы сапаттуу кызматташуунун негизинде  мамлекеттер аралык “Розыск” алдын алуу операциясынын жүргүзүлгөндүгүн, катардагысы 2018-жылдын 3-октябрында өткөндүгүн билдирди.

Андан соң тараптар эл аралык уюм-Интерполдун алкагында бирдиктүү ишти талкуулашып, терроризм жана уюшкан кылмыштуулук, анын ичинде мамлекеттер аралык кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн кеңири багыттарды камтып, атайын курал катары 192 өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгында колдонулгандыгын баса белгиленди. “Бүгүнкү күндө Интерполдун каналы-Ички иштер министрлигинин чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен  кызматташуусундагы универсалдуу механизм болуп саналат”-деп Владимир Колокольцев билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин ортосундагы 2007-жылдын 16-июнундагы Кызматташуу боюнча макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү протоколуна кол коюлуп, Россия менен Кыргыз Республикасынын аймактарында эки түзүмдүн өкүлдөрунун укуктук статусун бекемдөөнү жакшыртууну ишке ашырууга арналды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  иш-сапардын алкагындагы макулдашуу укук коргоо чөйрөсүндөгү кыргыз-орус алакасы жаңы дем менен жалпы ишибиздеги-кылмыштуулук  менен күрөшүү, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгын күчөтүп ишке ашаарына ишинечте экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости