www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну арттырууга даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын колдоосунда уюштурулган «Калыбына келтирүү, өсүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай жол» аталышындагы Бишкек экономикалык форумунун ачылышында билдирди.

Ал иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банк тобунун ортосундагы кызматташууга 30 жыл толгондугу менен куттуктап, Бишкек экономикалык форуму ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө жана туруктуулукту жогорулатууга багытталган күн тартибиндеги артыкчылыктуу маселелерди талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп каларына ишенимин билдирди.

«Бүгүнкү күндө министрлер кабинетинин биринчи кезектеги милдети адамдардын жашоосун реалдуу жакшыртууга багытталган шарттарды түзүү болуп саналат. Бул багытта акыркы жылдары биз тараптан активдүү чаралар көрүлүүдө. Кыргызстандын президенти мамлекеттин кирешелерин көбөйтүү боюнча эң чоң милдеттерди алдыга койгон жана бул маселеде сезилерлик жыйынтыктар бар. Үстүбүздөгү жылдын 8 айын ИДПнын дээрлик 8% өсүү темпи менен жыйынтыктадык, бул Улуттук банк менен ырааттуу иш алып баруубуздун жана өз убагында кабыл алынган чечимдердин натыйжасы», - деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну арттыруу зарылдыгын белгиледи. «Биз кызматташуубуздун деңгээлин жана интенсивдүүлүгүн ыкчам жогорулатууга тийишпиз. Өткөн жылдары Кыргызстандын экономикасынын потенциалы жана мамлекеттик башкаруу системасын кабылдоонун төмөнкү деңгээли дайыма көйгөй жаратып келген. Бирок азыр кырдаал өзгөрдү, биз өнүгүүгө багыт алдык», - деди Адылбек Касымалиев жана коррупцияга каршы күрөш сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жүрүп жаткандыгын белгиледи.

«Биз жакырчылык жана тышкы көз карандылык синдромдорунан баш тарттык. Биздин тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда. Биз өнүгүү маселесинде биринчи кезекте өзүбүздүн күчүбүзгө таянышыбыз керек», - деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Экономикалык форумдун жүрүшүндө Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон эки долбоорду: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындай ири долбоорлор Дүйнөлүк банк тобу сыяктуу өнөктөштөрдүн активдүү катышуусунда да ишке ашырылышы керектиги белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости