www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте депутаттар жаңы төраганы шайлайт

Жогорку Кеңеш бүгүн эле жаңы төраганы шайлай турган болду.

Депутат Жанар Акаев бүгүнкү күн тартибиндеги маселелерди артка жылдыра туруп, төрага шайлап алууну сунуштады.

Андан соң депутаттар саат 14:00гө чейин тыныгууга чыгышты. Бул аралыкта фракциялар өз ара макулдашып, төрагалыкка талапкерин көрсөтөт.

Жыйынды вице-спикер Улан Примов башкарып жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетти. Мамытов өз эрки менен кызматтан кеткенин айткан.

Ал эми депутат Русланбек Жакышов төраганын орун басарларын да кызматтан кетүүгө чакырды.

Кызматтан кеткен Мамытовдун ордуна Нурланбек Шакиев менен Азиз Турсунбаев талапкерлиги көрсөтүлөрү айтылууда.

Бирок, азырынча Жогорку Кеңештин төрагасы болууга ким талапкер болгону тууралуу так маалымат бериле элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости