www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
"Кыргызстандан катализаторлорду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 3815), металлдарды камтыган шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2620), баалуу металлдардын же баалуу металл менен капталгандардын калдыктарын жана сыныктарын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 7112), катализаторлор бар болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү, алардын бөлүктөрүн (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 870892) ташып чыгууга (экспорттого) убактылуу тыюу салынды", — деп айтылат маалыматта.
Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдын абаны булгоосун азайтуу менен адамдардын өмүрүн, ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү коргоого багытталган. Ал эми Бажы жана Чек ара кызматтарына көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылган.
Булак: NazarNews.kg