www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров камакта калтырылды.
Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдиргендей, шаардык сот түшкөн арызды карап чыгып, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Төрөбай Зулпукаровду камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын узарткан. Тактап айтканда, 2021-жылдын 30-сентябрына чейин.
Эскерте кетсек, “Кумтөр” иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган.
Булак: NazarNews.kg