www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул ирет дүйнө чемпионаты 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт. Жалпысынан Катарга футбол боюнча 32 курама команда барды.

«Deutsche Welle» басылмасы бул дээрлик жүз жылдын ичиндеги эң кымбат чемпионат болгонун жазды. Эксперттердин божомолу боюнча, Катар бийлиги иш-чараны өткөрүү үчүн 200 млрд доллар сарптаган, бирок так сандар ачыкталбай келет. Чемпионатка бир миллионго чукул күйөрман келет деп күтүлүүдө.

Дүйнө чемпионатын 2022-жылы Катарда өткөрүү чечими 12 жыл мурун кабыл алынган. ФИФАнын мурдагы президенти Зепп Блаттер бул чечимдин «жаңылыштык» болгонун айткан жери бар.

Бүгүн Катар — Эквадор беттеши (башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 22:00) Дүйнө чемпиондугуна старт берет. Бул араб дүйнөсүндө өтүп жаткан биринчи дүйнөлүк чемпионат. Турнир дээрлик бир айга созулат: финал 18-декабрда болот.

График:

Биринчи тур:

20-ноябрь, жекшемби:

- 22:00. Катар - Эквадор (А тайпасы).

21-ноябрь, дүйшөмбү:

- 19:00. Англия - Иран (В тайпасы);

-22:00. Сенегал - Нидерланды (А тайпасы);

-01:00. АКШ - Уэльс (Б тайпасы).

22-ноябрь, шейшемби:

- 16:00. Аргентина – Сауд Арабиясы (С тайпасы);

- 19:00. Дания – Тунис (D тайпасы);

- 22:00. Мексика - Польша (С тайпасы);

- 01:00. Франция - Австралия (D тайпасы).

23-ноябрь, шаршемби:

- 16:00. Марокко – Хорватия (F тайпасы);

- 19:00. Германия - Япония (E тайпасы);

- 22:00. Испания - Коста-Рика (E тайпасы);

- 01:00. Бельгия менен Канада (F тайпасы).

24-ноябрь, бейшемби:

- 16:00. Швейцария - Камерун (G тайпасы);

- 19:00. Уругвай – Корея Республикасы (Н тайпасы);

- 22:00. Португалия - Гана (Н тайпасы);

- 01:00. Бразилия - Сербия (G группасы).

Экинчи тур:

25-ноябрь, жума:

- 16:00. Уэльс - Иран (Б тайпасы);

- 19:00. Катар - Сенегал (А тайпасы);

- 22:00. Голландия - Эквадор (А тайпасы);

- 01:00. Англия - АКШ (Б тайпасы).

26-ноябрь, ишемби:

- 16:00. Тунис – Австралия (Группа D);

- 19:00. Польша - Сауд Арабиясы (С тайпасы);

- 22:00. Франция - Дания (D тайпасы);

- 01:00. Аргентина - Мексика (С тайпасы).

27-ноябрь, жекшемби:

- 16:00. Япония - Коста-Рика (E тайпасы);

- 19:00. Бельгия - Марокко (F тайпасы);

- 22:00. Хорватия - Канада (F тайпасы);

- 01:00. Испания менен Германия (Е тайпасы).

28-ноябрь, дүйшөмбү:

- 16:00. Камерун - Сербия (G тайпасы);

- 19:00. Корея Республикасы – Гана (Н тайпасы);

- 22:00. Бразилия - Швейцария (G тайпасы);

- 01:00. Португалия - Уругвай (Н тайпасы).

Үчүнчү тур:

29-ноябрь, шейшемби:

- 21:00. Эквадор - Сенегал, Нидерланды - Катар (А тайпасы);

- 01:00. Иран - АКШ, Уэльс - Англия (В тайпасы).

30-ноябрь, шаршемби:

- 21:00. Австралия - Дания, Тунис - Франция (D тайпасы);

- 01:00. Сауд Аравиясы - Мексика, Польша - Аргентина (С тайпасы).

1-декабрь, бейшемби:

- 21:00. Канада - Марокко, Хорватия - Бельгия (F тайпасы);

- 01:00. Коста-Рика - Германия, Япония - Испания (E тайпасы).

2-декабрь, жума:

- 21:00. Гана - Уругвай, Корея Республикасы - Португалия (H тайпасы);

- 01:00. Сербия - Швейцария, Камерун - Бразилия (G тайпасы).

 

Последние новости