www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Сириянын түндүгүндө жана Ирактын түндүгүндө Күртстан жумушчу партиясына каршы абадан операция жүргүзүүдө, деп билдирет Anadolu.

Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги Твиттерде аба операциясынын алгачкы кадрларын бөлүштү. Видеодо "Террорчулардын уялары тике соккулар менен талкаланат" деп жазылган.

Аба операциясы  Pençe-Kılıç («Тырмак-кылыч») деп аталды.

"Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги операция БУУнун Уставынын 51-беренесинде каралган өзүн-өзү коргоо укугуна ылайык жүргүзүлгөнүн жарыялайт", — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин күрттөрдүн “Сирия демократиялык күчтөрүнүн” (СДФ) өкүлү Фархад Шами Түркия Сириянын түндүгүндөгү чек арадагы Кобани шаарына чабуул жасап жатканын билдирген.

Эске салсак, 13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көчөдө жардыруу болуп, 6 адам каза болуп, 81 адам жаракат алган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости