www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу бүгүн Парламенттин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

“Жогорку Кеңештин Төрагасы Д.Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Амангелдиевич Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду.

Жогорку Кеңештин Аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат (№6-993/19) боюнча алдын ала иликтөө иштерин жыйынтыктаган. А.Сабырбеков Төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопту кызматкер болчу. Аталган кат боюнча иликтөө иштери уланууда”,- деп айтылат пресс-катчынын маалыматында.

Белгилей кетүүчү жагдай, өткөн аптада социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазыевге жазылган каты кызуу талкуу жараткан. Кат мамлекеттик тилде жазылып, чыгыштама номери менен мөөр коюлган. Анда "премьер-министр" деген сөз "пример-министр", Абылгазиевге дегендин ордуна "Абылгазиеву" болуп жазылып калган. Мындан сырткары, каттагы кээ бир сөздөрдүн тамгалары түшүп, башкы сөз кичинекей тамга менен жазылып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости