www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан кайтадан чек арасында чектөө киргизди. Бул тууралуу Республикалык штаб Казакстан өкмөтүнө караштуу ведомстволор аралык комиссиянын чечимине шилтеме жасап билдирет.

Маалыматка ылайык, Казакстандын аймагында жашоого уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чек арадан 90 күндө бир жолудан ашык эмес өтүүгө уруксат берилет (мурда 30 күн болчу).

Ошондой эле, 2021-жылдын 1-майына чейин 57 өлкөнүн жарандарына визасыз режимди токтотуу узартылды жана 2021-жылдын 1-январына чейин КЭР жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөрдүн Казакстандын аймагына 72 сааттык визасыз келиши узартылды.

Белгилей кетсек, Түркия менен эл аралык авиакаттамдары үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрынан тартып жумасына 33төн 20га чейин кыскартуу пландаштырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости