www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматы тарабынан баңгизаттарды сатуу менен алектенгендерди аныктоо жана алардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу боюнча операция өткөрүлдү.

Жүргүзүлгөн атайын ыкчам иликтөө жана тергөө иш чаралардын натыйжасында 2020 жылдын 1 ноябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында  Чүй облусунун “Сосновка” постунан  шектүү катары 1994 ж.т., Ы уулу Б., кармалып, ага өздүк тинтүү жүргүзүү учурунда   жанынан 700 граммды түзгөн зат табылып алынган.

Соттук химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат “”гашиш” баңгизаты деп аныкталган. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 267 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо)  беренеси менен көрсөтүлгөн белгилер менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек  700 грамм гашиш болжол менен 2 800 дозанын түзүп, кармалган баңгизаттардын партиясы  көмүскө базарына кирип кетсе,  республика аймагындагы үч миңге жакын жаштар баңгизаттарга көз каранды болуп калмак. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости