www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Имзир шаарындагы зилзалада ураган имараттын алдында калган бөбөктү дээрлик төрт күндөн кийин аман алып чыгышты. Бул туурасында аталган калаанын мэри Тунч Сойер Twittter баракчасына жазды.

​"91 сааттан кийинки керемет. Баарын толкунданткан жаңылыгыбыз бар. Куткаруучулар бөбөктү аман-эсен алып чыгышты", — деп жазган мэр.

​Sputnik Түркия агенттигинин маалыматы боюнча уранды алдында калган кыз төрт жашта. Аны куткаруучулар 91 сааттан кийин табышкан. Бөбөктү дароо ооруканага алып кетишкен, учурда абалы канааттандыраарлык.

​Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Ошондой эле жердин силкинүүсү Грециянын Самос аралында дагы катталган. Соңку маалымат боюнча зилзаладан 20дан ашуун имарат кулап, 102 адам набыт болгон. Жаракат алгандардын саны 1026 кишиге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости