www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Караганда облусунда өрттөн 6 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын ЖМКлары жазды.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 16-декабрга караган түнү Темиртау шаарына жакын жердеги Актау айылында болгон. Анда беш кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы 3 бөлмөлүү батир күйгөн.

Жерине өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин тургундар беш адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Алар: 2007, 2010-жылкы балдар, 1983, 1991-жылкы аялдар жана 1991-жылкы эркек киши болгон. Алар үстүнкү кабаттагы батирлерден түтүнгө толгон подъезд аркылуу өз алдынча чыгууга аракет кылышканы айтылат.

Ал жерде ачык жалын болгон эмес, бирок түтүн көп болгондуктан тургундар көчөгө жетпей калышкан. Башкача айтканда алар көмүртек кычкылына ууланып жан беришкен.

Мындан сырткары, өрттөнүп жаткан батирдеги өрттү өчүрүү учурунда 6-маркумдун (1977-жылы туулган эркек кишинин) жансыз денеси табылган. 

Ошондой эле, үч адам орто деңгээлдеги жаракаттарды алышканы маалымдалды.

Учурда аталган факты боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси "Өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу" боюнча кылмыш ишин козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости