www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрь күнү милицияга арыз менен А.С аттуу жаран кайрылган. Ал билдиргендей, жаран Ч.Т. 14-сентябрда Ак-Жар жаңы курулган үйдүн короосунан «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетип, андан соң кырсыкка кабылган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
«Арсенал» рейддик иш-чарасынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Ч.Т. Ал ИВСке жайгаштырылды.
Тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg