www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдын аягына чейин Казакстан Кыргызстан жана Өзбекстан менен Сырдарыя дарыясынын бассейнинин ресурстарын пайдалануу боюнча келишимди өзгөртүүнү пландоодо. Мындай мүмкүнчүлүк 2023-2029-жылдарга суу ресурстарын башкаруу концепциясында жазылган.
Документтин кыскача баяндамасында суу боюнча азыркы келишим 1998-жылдан бери иштеп келе жатканы белгиленген. Документ Сырдарыянын ресурстарын ирригация жана энергетика тармагында пайдаланууну жөнгө салат.
Азыркы шарттарда ГЭСтен өндүрүлгөн электр энергиясынын ашыкчасы Казакстан менен Өзбекстанга кетет. Анын ордуна Кыргызстан коңшуларынан энергетика, каржы жана коммерциялык кызматтарды алат.
Суу тартыштыгы аймактагы негизги жана өсүп жаткан көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Климатологдордун айтымында, аймактын айрым өлкөлөрүндө 2040-жылга чейин суу ресурстарына болгон басым 2,8 эсеге көбөйөт. Дагы 10 жылдан кийин, 2050-жылга чейин Сырдарыя 15 пайызга тайыз болушу мүмкүн.
Документтин толук мазмуну белгисиз.
Булак: NazarNews.kg