www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаап жашырып отуруп бул казино акыры Буркановдор экени элге маалим болду. Казинонун негиздөөчүсү Адилет Абдыманапов аттуу Буркановдорго тыгыз байланышы бар адам экенин журналисттер иликтеп айтып чыгышканына карабай, казинонун ээси индус инвестор деген жомок токулуп, Буркановго тиешеси жок деп танышкан. Жакында эле ачылышы болгон "Гранд казинонун" ээси президенттин досу Арзыбек Бурканов экени тастыкталды. «Шибегени капка катуу мүмкүн эмес болгондой эле», чындыкты жаап-жашыруу кыйын. Дегенибиз, казино ачылганда жылаңач кыздардын меймандарга көңүл ачуу үчүн бийлеп шоу-программа тартуулашканы коомчулукта катуу сынга алынган. Казинонун Буркановго тиешелүү экени талкууланып, президенттин дарегине чейин ар түрдүү сөздөр, нааразы пикирлер айтылган. 

Бул казиного Буркановду жаап жашырыш үчүн кимдер кожоюндук кылбады. Казиного ээлик кылган компания Адилет Султанов аттуу жаранга өткөн. Эми минтип эки ай өтпөй Арзыбек Буркановдун баласына өттү. Ошентип, алгачкы лицензия сатып алган "Гранд казинонун" ээси катары Азат Бурканов катталды. Чындык билинди. Эки ай улам-улам бирөөнүн калпагын, бирөөнө кийгизип элдин көзүн жазгырган шоу аягына чыкты. 

2023-жылы 2-майда ачылган "Гранд казино" 84 миллион сомго лицензия сатып алган алгачкы расмий кумаркана болуп саналат. Салыкты 22-майдан баштап төгүп баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин болгону 18 миллион сом төккөн. Муну салык кызматы жарыялаган ачык булактардан көрүүгө болот.

. Оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын аймагында казино ачуу үчүн ишкерлик субъектилердин Юстиция министрлигинен ЖАК же ЖЧК катары катталгандыгы боюнча күбөлүгү болушу шарт. Бул туурасында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензия, уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров айтып берди.

"Мындан башка дагы талап кылынган документтер бар, дагы бир маанилүү шарты — оюн-зоок жайын ача турган ишкердин же компаниянын резервдик фондунда 4 миллион сом болушу зарыл. Бишкектен башка аймактарда ача турган ишкерлерде да 2 миллион сомдук резерви болгон соң гана лицензия ала алышат", — деген Насиров.

Ал эми Бишкекте ачыла турган оюн автоматтары залы үчүн 1 миллион сом, облустарда ачыла турган залдар үчүн 500 миң сом резервде болуусу каралганын кошумчалаган. Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдө кумарканаларды ачууга уруксат берүүнү демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган. 2021-жылы да Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы бул идеяны колдой турганын билдирген. Бирок каршы чыккандар дагы болуп, талаш жаралган. Аталган демилге ЖКда биринчи окуудан өтүп, кийин ошол бойдон каралган эмес.

Экс-спикер Дастан  Жумабеков менен депутат, «Биримдик» партиясынын мүчөсү Бактыбек Турусбеков кумар оюндарын кайра ачыкка чыгаруу боюнча мыйзамдарды көтөрө баштаган. Алар 2021-жылы 8-апрелде өз мыйзамдарын «чимкирик» парламенттен өткөзүп алган соң, чет мамлекеттен казиного визасыз адамдар өтө баштайт деп, жыландын тилин соймоңдотушкан. Эгер миллиарддаган калкы бар Кытайлыктар визасыз казиного каттай турган болсо, эмне күн көрөбүз?

Кулкунду куураткан кумар оюндарын парламент кайрадан ачыкка чыгара турган болгон. Бул демилгени парламент депутаттары Дастан Жумабеков менен «Биримдик» партиясынын мүчөсү Бактыбек Турусбеков экөө сүйөөмөлөшүп, парламент 2021-жылы 8-апрелде ак бата берген. Казино ачуунун зыяны жана пайдасы тууралуу ой-жооруп көрөлү. Деги эле 2012-жылы тыюу салынган кумар оюнуна эркиндик берүүнүн зарылдыгы барбы?

Рулетка, карта оюндары үчүн оюн столдору, оюн автоматтар кумар оюндары үчүн зарыл элементтер. Стол үстүндө ойнотула турган кумар оюндары крупьелердин жардамы менен ойнолот. Бул оюнда бардыгы утуш үчүн жанталашат, бирок бакыт дайым эле жылмая бербейт. Казинодо ар ким өзү үчүн кам көргөндөр бар, алар рулетка, блэкджек, крэпстер менен ойношот, ошондой эле аларды техас покери, омаха покери, баккара сыяктууларда казино кызматкерлери тейлешет. Азыркы мезгилде эң көп колдонула турган оюндар: покер, пунто-банко, рулетка, блэкджек, оюн автоматтары, крэпстер.

Казинонун пайдасы экс-спикер Дастан  Жумабеков менен депутат, «Биримдик» партиясынын мүчөсү Бактыбек Турусбеков сыяктуулардын капчыгын калыңдатат. Албетте, бюджетке алар төлөгөн төлөмдөр түшөт. Эгер казиноного бекем көз салып, АКШнын сыяктуу Лас-Вегасы сыяктуу атайын бир жерлерде өткөрсө болот. Бирок, казино ойнойбуз дешип визасыз киргенге тыюу салыш керек. Казиного шылтоолоп канчалган чет мамлекеттиктер, айрыкча Кытай тараптан кирип кетиши ыктымал. Бизде коопсуздук органдары шалаакылыкка көп жол берет, казинону тыкыр көзөмөлдөй турганына ким кепил боло алат? Казино АКШда Невада штатында Лас-Вегас, Рино жана Карсон-Ситини кошкондо бардык калк жайгашкан жерлерде, андан тышкары Атлантик-Ситиде (Нью-Джерси) жана Арканзас штатында уруксат берилген. 1994 жылдан көпчүлүк штаттарда кумар оюндары легалдашкан. Юта жана Гавайя штаттарында гана бул оюндарга толугу менен тыюу салынган.

Орусияда кумар оюндарын ойной турган аймактар: «Янтарная» (Калининград облусу), «Сибирская Монета» (Алтай крайы), «Приморье» (Приморский крайы) жана «Азов-Сити» (Краснодар крайы, Ростов облусу, Крым).

 

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы жактырган мыйзам долбоорунда кумар оюндары жана казинолор өлкөнүн эки жери менен чектеле тургандыгы айтылат. Мыйзам эми сенатка жиберилүүдө. Казак бийликтери бардык казинолор жана кумар оюндары ойнолуучу жайларды түштүктөгү Капчагай жана түндүктөгү Шушинск курортторуна көчүрүшкөн.

Ал эми бизде балдар окуудан өксүп, ал эми чоң кишилер кумар оюндарынан үй-мүлкүн алдырып, ден соолугунан ажыроодо, ал гана эмес өмүрүнөн ажырагандар да бар экени айтылгандыктан 2012-жылы кумар оюндарына тыюу салынган. Кумар оюндарынын кесепетинен жүздөгөн адамдардын тагдыры талкаланды. Кумарканаларды бирөө-жарым калкалабаса, алар ушунтип гүлдөп, өнүгөт беле? Ушуга күйөсүң да. Кумар оюндарына азгырылган адам ата-энесин, жакындарын жана туугандарын укпай калат экен. Жалган сүйлөп, уурулук кылганга, карактоого жакын болуп, ар кандай кылмышка барганга даяр болуп калганына күбө болдук. Ошон үчүн коомчулуктан көмүскө түрдө уюштурулуп жаткан кумар оюндарын жабылып туура болгон.

Бул мыйзамсыз ишкердикте абдан чоң акча айланат. Ошондуктан алгач казино жабылды. Анан алар оюн автоматтарына өтүштү. Ал жабылганда букмекерге өтүштү. Анан тотализатор, лотерея дегендерге барып, алар да жабылган соң эми азыр бинго трейд, блокчейн дегендер аркылуу электрондук кумар оюндарын уюштуруп жатышат.2015-жылы буларга тыюу салынды. Муну негизи катуу карап туруп улам табылганын улам жаба берсек аягы тыйылмак. Бирок биздин укук коргоо органдарындагы айрым кызматкерлер тигилер акчага кызыктырып коюшса эле ошого азгырылып, анын айынан кумарканалар дагы эле иштеп, эми парламент депутаттары Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков тарабынан ачыкка чыккан жатат.

Ошол эле кезде кумар бизнесин жабуу менен маселени чечүүгө мүмкүн эмес деген да пикирлер бар. Кумар оюндарынан өлкө бюджетине кыйла акча түшөт.мындан улам казынага кошумча каражат түшөт, жумушчу орундар түзүлөт, туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп негиздеп берди. Мыйзамда кумар оюндары кайсы бир белгиленген гана жерлерде болот деп жазылган. Мисалы, "Манас" аэропортунун, Ош жана Тамчы аэропортторунун тегереги деп көрсөтүлгөн. Инвесторлор жөн эле оюн-зоок борборлорун куруп койсо анда акчасын актабай калат, ошондуктан кумарканалар ачылып, каражат түшүшү керек.

Кыргыз өкмөт өкүлдөрү казинолордун иштешине уруксат берүү тууралуу демилге ишкерлер коомчулугунан түшүп жатканын билдирип келет. Мындай жайлардан жылына 5 миллиард сомго чейин кошумча киреше табууга боло. Казинону жактагандардын оюу мындай: «Эмне үчүн азыр бизге казино керек деп жатышат? Анткени Кыргызстанга салык түшүп, жумушчу орундарды түзүш керек. Биз региондорду өнүктүрүшүбүз керек. Биз Бишкектин так ортосуна ачууну сунуштап жаткан жокпуз,Тамчы айылына алыскы региондордо ачылса, ошол жактарда жакшы мейманканалар курулат, ресторандар салынат, инфраструктура жакшырат. Ошондо автомат ойногон балдар деген маселе да жоюлат. Мисалы, чет өлкөдөн бир учак болуп коноктор келсе, алар ошол казиного барышат, Кыргызстандын башка жерлерин да кыдырат» -дешет. Азыр бир катар инвесторлор казино ачканга уруксат берсеңер, мындай жайларды курат элек деп өздөрүнүн сунуштарын берип жаткандай. Анан парламент депутаттары Дастан Жумабеков менен «Биримдик» партиясынын мүчөсү Бактыбек Турусбековго окшогондорду кекиртектен тойгузуп жаткандай. Андан башка да мындай көз караштар жок эмес: «Коомчулук казинону эми гана унутуп келатат. Бизде киреше булактары абдан эле көп. Мисалы, азыр өнөр жайларга, кайра иштетүү тармагына акча бөлүнүп жатат. Күнөсканаларды куруп жатабыз. Дыйканчылык жакшы жолго коюлду. Кумарканалардан киреше табуу үчүн аларды ачуу сунушун колдобойм. Элди кайра мындай жайларга түрткөндүн кереги жок».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости