www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыдагы Борбордук шаардык клиникалык ооруканада үч бейтапка ВИЧ инфекциясы жуккандан кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы медициналык мекемелерди текшерүү өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылды.

Мурдараак Саламаттык сактоо министрлиги аталган оорукананын медицина кызматкерлери үч бейтапка ВИЧ илдетин кокустан жуктурганы аныкталганын билдирген. Төрт дарыгер - башкы дарыгердин эпидемиология боюнча орун басары, реанимация бөлүмүнүн башчысы, оорукананын башкы медайымы жана реанимациянын башкы медайымы иштен алынган. Оорукананын башкы дарыгери Нариман Табынбаев иштен убактылуу четтетилген.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча үч бейтапка дарыгерлердин шалаакылыгынан улам инфекция жуккан деген бүтүм чыгарылган.

"Мындай фактылардын алдын алуу максатында Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигине стационардык, амбулатордук жана диагностикалык жардам көрсөткөн медициналык мекемелерде комплекстүү текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды", - деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Биринчи этапта 549 медициналык мекеме текшерилет.

Алматыда үч бейтапка ВИЧ-инфекциясы жуккан факты боюнча "Эки же андан көп кишиге адамдын иммундук жетишсиздик вирусун жуктуруу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Бул Казакстандагы медициналык мекемеде ВИЧ инфекциясы жуккан биринчи учуру эмес. 2006-жылы жүргүзүлгөн иликтөөдө Чымкенттеги ооруканаларда 150дөй бала адамдын иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) жуктуруп алганы аныкталган. Бул кан куюу операцияларынын натыйжасында болгон. Анда коррупция жана шалаакылык беренелери боюнча 16 дарыгер абакка кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости