www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Хан-Тенгри» футболдук клубунун чабуулчусу Диас Тулеу Казакстандын Биринчи Лигасынын 25-турунда Экибастузду 4:0 эсебинде утуп алган маалда каза болду. Оюн 16-октябрда болгонун «Спорт-Экспресс» басылмасы билдирди.
Беттештин 64-мүнөтүндө 19 жаштагы чабуулчу эч себепсиз жерге кулап түшкөн. Аны талаадан замбилге салып алып кетишкен. Беттештен көп өтпөй Казакстан Республикасынын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы футболчунун каза болгонун кабарлады.
Диас Тулеу Кайраттын жаштык тутумунун тарбиялануучусу. Ал «Хан-Тенгриге» 2024-жылдын апрель айында эркин агент катары кошулган. Ал бул сезондо 21 беттеш өткөргөн.