www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-июнда Казакстандын Павлодар облусунда катуу шамал болуп, бир катар зыянга учуратты. Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 43 метрге жеткени кабарланууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, 16 адам жабыркаса, алардын үчөө балдар. Аксуу шаарында 1968-жылы туулган аялга кулаган дарактын бутагы тийип, ал каза болгон.

Павлодар облусунун акимчилиги билдиргендей, шамал Павлодар шаарындагы 47 имараттын чатырын учурган. Зыян тарткан объектилердин арасында социалдык маанидеги 6 мекеме бар. Аксуу жана Экибастуз шаарларында дагы 23 объектте, Баянаул районунда 7 имаратта, ошондой эле Май жана Павлодар райондорунда да кыйроолор катталган. Кырсыктын айынан электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөр болуп, Аксуу менен Баян райондорунда жарык өчкөн.

Учурда окуя болгон жерлерге 300дөн ашык адам жана 100дөн ашык техника тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Алар электр жана байланыш линияларынын 16 мамыны оңдоого киришкен. Өзгөчө кырдаалдар кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Последние новости