www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кулатов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жаткан жерге кран кулап, коңшулаш имараттарга зыян келтирген.

Окуя болгон жерге Курулуш министрлигине караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын өкүлү барган.

Ведомстводон билдиришкендей, бул боюнча акт түзүлүп, учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

«Адис Курулуш» ЖЧКсы жүргүзгөн бул участокто иш токтотулуп, крандын айдоочусуна айып пул салынган.

Маалым болгондой, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы буга чейин борбор калаада рейддерди өткөрүп, тиешелүү уруксат кагаздары жок жана курулуш нормаларын бузган курулуш компанияларына эскертүү берген.

Последние новости