www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда баалар акыркы беш жыл ичиндеги рекордунан ашып, "чектен чыгып" кетти. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграция министри Бахыт Султановго шилтеме берип маалымат булактары жазды. 

--"Жыл башынан бери социалдык маанилүү товарларга баалар 2,8 пайызга өстү. Бул акыркы беш жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч. Андыктан товарларга белгилүү бир бааны коюп берип, андан ашырбоо талабын коюуга аргасыз болуп турабыз. Ошол эле учурда жергиликтүү башкаруу органдары товар өндүрүүчүлөр менен баа боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү зарыл. Анткени баага коюлган чектөөлөр товарлардын дүкөн текчелеринен жок болуп кетишине алып келбеши керек", — деди министр.

Соода министрлигинен билдиришкендей, бааны белгиленген ченден көтөрүп саткан түйүндөр айыпка тартылат.

Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде баалар жана тарифтер жогорулап жатат. Алардын арасынан эң жогорку көрсөткүч Беларуста катталууда.

Буга чейин Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын оздукташ үчүн кыргыз өкмөтү кандай чара көрүп жатканын айтып берген.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости