www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анастасия Кукова: Сулуулук жаатында иштеген орусиялык блогерлер эң жогорку киреше менен мактана алышат. Москвадагы орточо квартиранын баасы 10 миллион рублди түзөт жана алардын айрымдары эки үч айдын ичинде сатып алышат.
Бул тууралуу РИА Новостиге Main-Target (MTG) жарнама агенттигинин санарип директору Антон Быков билдирди. Популярдуу блоггерлер күн сайын акы төлөнүүчү интеграцияларды жарыялай алышат, деди ал.
"Мисалы, Анастасия Решетова жарнамалык интеграциянын ар кандай түрлөрү үчүн 0,8 миллиондон 2 миллион рублга чейин алат, ал эми Москвадагы батирди сатып алуу үчүн айымга жарым ай гана убакыт керектелет", - деп эсептеди Быков.
Саякаттоочу блогер азыркы күндө саякаттоо чектелүү болсо дагы жакшы акча таба алат. Ал 600 миң катталуучусу менен, соц.тармактарда күнүнө төрт жолу “история” киргизип коюсу менен ал өзүнө жетиштүү каражатты таба алат.
«Мисалы, Дмитрий Лукьянчук үчүн посттун баасы 200 миң рублдан, "история" анадан арзаныраак баада сунушталат. Орто эсеп менен айына 500 миң рубль, андыктан бир жарым жылдан ашык убакыт батир табууга туура келет”, - деди эксперт.
Блоггерлер кошумча ири жарнамалык келишимдерди дагы ишке ашырышат.
"Мисалы, Варламовдун LiveJournal да көп жылдар бою биринчи орунду ээлегени анчалык деле маанилүү эмес, анткени анын жарнамалык интеграциясы Youtube жана Instagram платформаларында негизги камтылууга ээ болот", - деп түшүндүрдү Быков. Анын айтымында, орточо интеграциялык бюджет 700 миң - 1,5 миллион рубль. Ага өндүрүш чыгымдары жана кызматкерлердин эмгек акысы кирет. Демек, Варламов Москвадагы орточо баадагы батирди 10-12 интеграцияга чогултат.
Wyslacom жана Vlad A4 сыяктуу мыкты Youtube блогерлери же модалуу тиктокер Даня Милохин эки айдын ичинде жаңы батирге ээ боло алышат.
Быков блогерлер дагы бренд элчилиги үчүн жылына кошумча 3-15 миллион рубль акча алышаарын эске салды.
Булак: NazarNews.kg