www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн Жорж Флойддун үй-бүлөсүнө 27 миллион доллар компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Миннеаполис шаардык кеңеши кабыл алган.

"Жорж Флойддун өлүмү дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын үрөйүн учурду. Бул окуя адилеттүүлүккө болгон талапты жогорулатты. Бул сумма сотко чейинки эсептешүүлөрдүн эң чоңу болуп саналат", - деген Флойддун үй-бүлөсүнүн жактоочусу Бен Крумп.

Ал Флойддун үй-бүлөсү дагы компенсация чечимине ыраазы экендигин билдирген.

Буга чейин Миннеаполис шаардык кеңеши бир добуштан Флойд өлгөн көчөнүн атын "Жорж Флойд аянты" деп өзгөртүүнү чечкен.

Эске салсак, былтыр 25-майда теги африкалык болгон америкалык жаран Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Мындан улам АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциясы күч алып, башаламандык жаралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости