www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан бийлиги 17-июнда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен дагы тогузу көз жумганын билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каза тапкандар 38 жаштан 82 жашка чейинки кишилер болгон.
Бир күн мурун Саламаттык сактоо министрлиги жети адам өлгөнүн кабарлаган.
Алматы жана Нур-Султан шаарларында күн сайын жүздөгөн киши вирустук пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылууда.
Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 97 кишини түздү. Дагы ондогон адам статистикага кирбей калган. Казак бийлиги алардын өлүмүнө коронавирус эмес, башка дарттары себеп болгонун жүйө келтирүүдө.
Булак: NazarNews.kg