www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын (Мажилис) төрагасы Нурлан Нигматулиндин тестинен коронавирус аныкталгандан кийин «обочолонуу режимине» өттү.

Мажилистин басма сөз кызматы төрага 11-июнда саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов менен жолукканын билдирди. Буга чейин министрдин вирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, төрага коронавирус жуктуруп алганы менен оорунун белгилери байкалган жок.

Эске сала кетсек, 14-июнда Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, ооруканага жаткырылган. Эртеси бир нече аткаминер — премьер-министр Аскар Мамин, билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, коргоо министри Нурлан Ермекбаев, айыл чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун башчысы Бердибек Сапарбаев обочолонуу режимине өткөнү кабарланган.

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 15 542 кишиге жетип, 88 бейтап каза болду. Бул статистикага анализинен вирус табылып, бирок оорунун белгилери жок  6175 киши кошулган эмес.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости