www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда COVID-19 кайрадан кескин көбөйүп, бийлик карантинди катуулатып, медициналык бет капчан жүрүү тартибин кайрадан киргизүүнү талкуулап жатат. Бул тууралуу Tengrinews порталы билдирди.

Маалыматка караганда, коронавирус менен ооругандар акыркы аптада кескин көбөйүп кетти. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетованын айтымына караганда, Нур-Султан менен Алматы "сары" зонага жакындап келе жатат.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөн суткада коронавирус менен ооруган 189 жаңы учурду каттаган. Алардын 98и Алматыдан, 55и Нур-Султандан экени билинди.

29-июнда илдеттин 137 жаңы учурун аныкташкан, андан бир күн мурда ооруну жугузгандардын саны 110 деп маалымдашкан.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүсүнө таянсак, коронавирус 100дөн көп чыккан акыркы учур Казакстанда март айында катталган.

Казакстандын вице-премьер министри Ералы Тугжанов парламентте жүргөндө коронавирус менен ооругандар көбөйүп кетсе, бет кап кийүү тартибин кайра кайтарышарын айтканын жазышты.

"Азыр суткасына 100 адамга чейин өсүп жатат, андыктан маселе баары бир турат. Карантиндик чараларды күчөтүү маселесин COVID-19ду таратпоо боюнча иш алып барган ведомство аралык комиссиянын отурумуна алып чыгабыз. Бет кап эле эмес, жалпы бардык чаралар тууралуу кеп болот", — деген Тугжанов.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитети казакстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө жана ревакцинация жасатууга чакырып жатат.

Последние новости