www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкорбай аксакал менен тар чөйрөдө жолугуп калдык. ФПИни (Фрунзе политехникалык институту) 1970-жылы ийгиликтүү аяктап, жаш адис катары Үч-Коргон ГЭСинде 15 жыл эмгектенген. Катардагы слесардан баштап, ПТОнун (производственно-технический отдел) башкы инженериначальнигине чейин жеткен.

- Кочкорбай ага, президент Садыр Нургожоевич кандай иштеп жатат?

- Бир байкаганым, Кыргызстандагы энергетика тармагына абдан көңүл бөлгөнүн кубаттоо менен карап жатабыз. Далил катары КамбарАта–1 ГЭСин курууга старт берди. Бүгүнкү күндө бул аябай чоң бурулуш десем жаңылбайм.

- Сиз өз учурунда Үч-Коргон ГЭСинде 15 жылдай эмгектенген экенсиз. Кыскача таржымалына токтоло кетсеңиз?

- 1961-жылдан тарта 1975-жылга чейин эмгектендим. Ошол убакта баардык тепкичтерди басып өттүм. Катардагы слесарь, нөөмөт башчысы, инженер, ПТО башчысы, башкы инженер. Ал 1955- жылы курула баштаган. Исхак Раззаков биринчи капсуласын койгон. Ошо кезде Токтогул, Күрпсай, Үч-Коргон ГЭСтеринин долбоорун ишке ашыруу үчүн Исхак Раззаков Москванын башчыларына уламулам кирип, акыры жолун тапкан.

Кубаттуулугу 880 мегаватт. Үч-Коргон ГЭСинен өндүрүлгөн электр жарыгы жалпы чынжырчага, мындайча айтканда, Токтогул ГЭСине кошулуп, ал жерден Кыргызстандын баардык аймактарына таралат. Төрт трубинасы бар, 45 миң мегаваттан берет. Үч жылдын ичинде курулуп бүткөн. Анан алгачкы ташын койгон адам катары, азыркы өсүп келаткан жаштарды патриоттуулукка үндөө иретинде “Исхак Разаков атындагы Үч-Коргон ГЭСи” деп атап койсо (!) деген тилегим бар.

- Тилегиңиз жакшы экен...

- Президент Садыр Нургожоевичке ушу тилегимди сиздердин гезит аркылуу жеткирип койсоңор жакшы болот эле.

Булак: Азия News гезити

Последние новости