www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жол кыймылын жөнгө салуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Акорда сайтында маалымдалды.
Tengrinews билдиргендей, буга чейин Сенаттын депутаттары бул мыйзам долбоорун жактырышкан.
Электросамокаттардын айдоочулары эми мыйзам боюнча веложолду колдонууга милдеттүү. Алар жок болгон учурда мыйзамда белгиленген шарттарды жана тыюу салууларды эске алуу менен электросамокаттар жолдун оң чети менен жүрүүгө уруксат берилет. Бул үчүн айдоочу 18 жашта болушу керек, ал атайын шлем жана жарык чагылдырган кийим кийип, каалаган категориядагы күбөлүгү болушу керек.
Тротуарда же жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо электр самокаттарынын кыймылына саатына 6 кмден ашпаган ылдамдыкта жол берилет.
Тартип сакчылары самокат колдонуучуну токтотуп, документтерин текшере алышат.
Айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик каттоо белгилерин чыгарууда мамлекеттик монополия киргизилүүдө. Муну Ички иштер министрлиги аткарат.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште мотороллерлерди колдонууну жөнгө салуу жагы да ойлонулган. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев иштеп жатат.
Булак: NazarNews.kg