www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус парламентинин депутаттары мусулмандардын Курман айт майрамында Куранды өрттөөгө уруксат берген Швеция бийлигинин аракеттерин айыпташты. Мындай билдирүү Мамлекеттик Думанын пленардык жыйынында айтылды.
Швециялык активисттердин аракеттери «вандализм актысы» деп аталат. Орус парламентарийлери Стокгольмду динге ишенгендердин укуктарынын бузулушуна жана мусулмандардын диний сезимдерин мазактоого каршы чара көрүүгө чакырышты.
Стокгольм полициясы буга чейин митинг өткөрүүгө уруксат берген, ал үчүн шаардын борборундагы Медборярплатсен аянтын өткөрүү жери катары тандалган. 28-июнда акциянын уюштуруучусу, Ирактан келген 37 жаштагы иммигрант Салван Момика аянтта Куранды өрттөп жиберген. Өрттөн мурун китепке чочконун этинен жасалган бекон койгон.
Булак: NazarNews.kg