www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы жарандык активист Ермек Нарымбаевдин ачкачылык кармаганына 40 күн болду. Бул тууралуу анын адвокаты Жанар Балгабаева билдирди. Адвокаттын айтымында, активисттин саламаттыгы кескин начарлап кеткен.
Нарымбаевдин салмагы ачкачылык жарыялагыча 105 кг болсо, азыр 83 килограммга чейин түшкөн. Ошондой эле Балгабаева активисттин кан басымы түшүп жатканын билдирди.
Ички иштер министрлиги айыпталуучу "суу, чай жана витамин" ичип жатканын билдирип, айрым маалыматтар чындыкка коошпогонун маалымдады.
52 жаштагы Нарымбаев жергиликтүү укук коргоочулар түзгөн "саясий туткундардын тизмесине" кирет. 2016-жыдын январь айында социалдык тармактардагы посту менен "диний, улут аралык козутууга" барган деген кине менен үч жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал үй камагына чыгарылган. Нарымбаев Казакстандан чыгып кетип, бир нече жыл Украинада жашаган. Ал быйыл февралда Алматыга кайтып келери менен кармалган.
Булак: NazarNews.kg