www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү Орусия ырчысы Филип Киркоров жакынкы арада Өзбекстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда концерт коюп кетти. Бирок, анын Кыргызстан менен Казакстандагы концерти кызуу талкууга алынды. Бишкектеги концерттик кечеси башталгандан аяктаганга чейин костюм алмаштырбастан, бир гана футболка менен ырдаса, ал эми Алматыдагы концертинде Филипп Киркоров сахнага күтүүсүздөн лосины менен чыгып көрүүчүлөрдү таң калдырды. Анын бул образы интернет желесинде кызуу талкууга жем таштап, ырчынын дарегине түрдүү сын-пикирлер айтылды.
Бул көрүнүшкө Киркоров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. Анын айтымында, командасы аны ушинтип тамашага салган.
"Мен "Бейиш багында" деген ырда дээрлик чечиндиришти. Дал ошол маалда мен сахнага чыгууга туура келди. Бул жолу алар "Жылаңач падыша" картасын ойнотушуп, сахнага чыгаар алдында мени шортасыз калтырышты", - деп жазган.
Киркоров Айдын тутулушу жана анын адамдарга тийгизген таасири күнөөлүү экенин айтты.
"Эми тамаша тамаша бойдон калсын! Чынын айтсам, мен андай тамашаларды жактырбайм, мен өтө ыңайсыз абалда калдым. Бирок, шоу улана бериши керек! Командамдын мага кылган бул терс мамилеси көпкө чейин эсимден чыкпайт жана аларга жооп кайтарам!”,- деп жыйынтыктады Киркоров.
Булак: NazarNews.kg