www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 20-февралда Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев мунайды кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык саясат боюнча кеңешме өткөрдү.Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин инвестиция тартуу маселеси боюнча кеңешчиси Марат Турсунбеков, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов катышты.

«Кеңешмеде учурдагы экологиялык жана заманбап техникалык талаптарды эске алуу менен ЕАЭБдеги мүчөлүк милдеттенмелерди аткаруу багытында мунайдын кайра иштетүү технологияларын тереңдетүү муктаждыгы айтылды.

Катышуучулардын назарына немец технологиясындагы жабдууну колдонуубоюнча инвестициялык долбоор презентацияланды. Долбоордун демилгечиси —«Темирлан Ойл» ачык акционердик коомунун башкы директору Мухит Оразбаев Кумкөл (Казакстан) мунай кенинин чийки затын кайра иштетүүчү заводду Талас облусунун «Маймак» эркин экономикалык аймагында жайгаштырууну сунуштады.

Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө, жумуш орундары менен камсыздоого салым кошо турган инвесторлордун укуктарын коргоого мамлекет тарабынан кепилдик берилерин, мыйзам алкагында иштөө ниети бар инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Тараптар мунай өндүрүү технологиясынын деңгээлин көтөрүү боюнча инвестициялык саясатка канааттандырарлык деген баа беришип, инвестициялоо шарттарын мындан ары өркүндөтүү боюнча бир пикирге келишти», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости