www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн жогорку кесиптик окуу жайларында билим алышкандардын 29 пайызга жакынын чет мамлекеттин студенттери түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-2021-окуу жылынын башталышына карата республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында 63 миңден ашуун чет элдик студенттер билим алышты.

"Басымдуу бөлүгү - 44 миңге жакыны КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер, алардын саны беш жыл аралыгында 5,4 эсеге көбөйгөн. Муну менен бирге Өзбекстандан келген студенттердин саны кыйла өстү, окуп жаткандардын жалпы санынын үлүшү 7 пайыздан 86 пайызга чейин көбөйгөн.

Ошол эле убакта 2016-2017- окуу жылынын башталышына салыштырмалуу Казахстандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче, 57 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөгөн. Окуп жаткандардын санынын өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин арасында да байкалууда, алардын үлүшү өткөн беш жылда 6 миңден 19 миң адамга же 3 эсеге көбөйдү. Муну менен бирге Индиядан келген студенттердин үлүшү бул мезгил ичинде 73 пайыздан 63 пайызга чейин төмөндөгөн болсо, ал эми Пакистандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче 6 пайыздан 31 пайызга чейин көбөйгөн", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости