www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-июлда Казакстандын Атырау облусунда жайгашкан Теңгиз мунай-газ кенинде жарылуу болду. Натыйжада эки адам каза болгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30дар чамасында болгону белгиленүүдө. Шахтада атмосфера газы бар трубада гидросыноо жүргүзүлдү. Түтүк басымга туруштук бере албай жарылып кеткен.

Кырсыктан эки жумушчу каза болгон. Дагы үчөө ар кандай жаракаттарды алып, дарыланууда.

Маалыматка ылайык, окуяга байланыштуу Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө (Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча тергөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, Теңгиз кени 1979-жылы ачылган. Казакстандын Атырау облусунун Атырау шаарынан 350 км түштүк-чыгышта жайгашкан жана Каспий мунай-газ аймагына кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости