www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казастандын Абай районунда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө турак жай берилип, насыялар жоюла турганын өкмөт билдирди, деп маалымдайт Tengrinews.kz.
Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасын аткаруу үчүн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төмөнкүдөй колдоо чаралары көрсөтүлөт:
- үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз бардык мүчөлөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул;
- үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз бардык мүчөлөрүнө Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунан багуучусунан ажырагандыгы боюнча бир жолку социалдык жөлөкпул;
- турак жай жана зарыл эмеректер менен камсыз кылуу;
- сөөк коюу үчүн бир жолку төлөм;
- каза болгон адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн насыялары жоюлат.
Буга чейин, өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө "Казакстан Халкына" фондунун эсебинен 7 миллион теңге (1 млн 368 миң), ошондой эле ар бир жашы жете бала үчүн 2 миллион теңге (390 миң) төлөнөөрүн өлкөнүн маалымат каражаттары билдирген.
Эске салсак, Казакстандагы токой өрттү 8-июнда башталган. Өрттү өчүрүүгө 1530 адам, 320 техника, анын 14ү тик учак тартылган. Өрттүн кесепетинен 14 өрт өчүрүүчү кызмат учурунда каза болгон.
Булак: NazarNews.kg