www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын келечеги — мөңгүлөрдө, таза сууда

Мына канча күндөн бери Бишкек шаарынын бир катар калктуу конуштарында ичээрге таза суу жок, коомчулукта чоң нааразычылыктар айтылып, суусуз калган эл жол тоскон акцияларды уюштурганга чейин барышты.

Мунун өзү келечекте таза суунун баасы өсүп, дүйнөдө эң биринчи көйгөй — суу болоорун айгинелеп койду десек болот. Дүйнө элинин дээрлик көпчүлүгү таза сууга зар болоору айдан ачык көрүнүп турат. Буга көзү ачыктык кылыштын деле кажети жок.  

Демек, эми дүйнөдө суу үчүн күрөш жүрөт. Суу - алтындан, нефтиден кымбат болот. Ушул жагдайды суунун башында турган өлкө катары абалды туура аңдап-сезип, колубуздагы баасы чексиз байлыгыбыз болгон сууну, мөңгүлөрдү туура пайдаланууну өздөштүрчү мезгил келди.

Суу - Кыргызстандын байлыгы, стратегиялык мааниси зор. Бир кезде Кыргызстанды чейрек кылым башкарган көрөгөч мамлекеттик, мекенчил жетекчи Турдакун Усубалиев, "алтыныбыз кетсе дагы, суубуз кетпесин" деп, таасын айткан. Биздин жетекчилер эмне кылышты, Кыргызстандын бирден-бир стратегиялык мааниси зор "Кемпир-Абад" суу сактагычын коңшуларга кармата беришти. Мунун кесепетин жакынкы жылдары тартабыз. Муну бөркүбүздөй көрө берели.

Эми болоору болду, боёсу канды. Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун дегендей, колдон учкан куштун кайрылышы кыйын. Мындан ары, улуттун, өлкөнүн кызыкчылыгын, келечеги үчүн чечимдерди ойлонуп кабыл алуу зарыл.

Айталы, таза суунун булагы болгон мөңгүбүзгө арабдардын атын койгондон мамлекет эч нерсе утпайт. Балким утса ушул ишке кызыкдар болгон бир-эки адам үчүн кайсы бир деңгээлде пайдасы бар чыгаар. Эл үчүн, өлкө үчүн тырмакчалык пайдасы жок.

Андан көрө "Мөңгү" фондунун президенти Үрстөм Кабылбековдун 20 жылдан бери какшап келе жаткан идеясына маани берилсе болмок. Башкача айтканда, "өлкөбүздөгү аты жок мөңгүлөргө пайгамбарлардын жана дүйнөдөгү эң атактуу адамдардын (анын ичинде кыргыздын, маселен Манас, Чыңгыз Айтматовдун) аттарын ыйгаруу аркылуу Кыргызстандын аймагын тынчтык зонасы деп таанытып, анын ичинде Борбордук Азияны согуш зонасынан сырткары зона деп табуу керек”, - деген идеясы мемлекет үчүн ченде жок мыкты сунуш.

Дегенибиз, дүйнөдө эми согуш — суу үчүн болот. Мындай апааттан Кыргызстанды оолак кармоонун эң жакшы жолу, Кабылбеков айткан Кыргызстанды, Борбордук Азияны адамзат үчүн таза суунун булагы катары согушсуз аймак катары таанытуу өз натыйжасын берет.

Биз мындан эмне утабыз? Мөңгүлөрдүн бүгүнкү акыбалына дүйнөлүк көзөмөл болот. Жаратылыштын балансын, экологиялык, биосфералык таза аймакты сактап калууга артыкчылык берилет.

Өлкөдө таза суунун булагы болгон 5 миңден ашык мөңгү бар. Жалпы аянты 8 миң чарчы метрден ашык болгон мөңгүлөрдөгү суунун кору 760 млрд. кубометрге чейин жетет. Башкача айтканда, мөңгүлөр Кыргызстандын аянтынын 4,2 пайызын түзөт. 10 чакырымдан узун болгон 2 миңден ашык суулар бар. Алардын жалпы узундугу 35 миң чакырымга жетет. Мына ушул байлыкты туура пайдалануу биздин өлкө жетекчилеринин милдети. Ал түгүл ыйык парызы болушу керек.

Бул жагдай бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй Борбордук Азия үчүн өтө маанилүү... Мөңгүлөрдү кыргыз элинин көөнөргүс байлыгы экенин түшүнө турган учур келди. Биз менен Тажикстандын мөңгүлөрүндө катылган отун энергетикалык, экологиялык таза суунун потенциалы бүтүндөй Борбор Азия регионун гүлдөтүп кармап турууга жетет.

Бул үчүн Үрүстөм Кабылбеков белгилеп, айтып жаткандай: "Мөңгүлөр Борбордук Азиядагы чаташып калган, каатчылыкты чече турган ат казык болуп эсептелет. “Мөңгүлөр – Борбор Азия регионундагы нымдуулуктун, ден соолуктун, электр кубаттуулуктун жана ошондой эле саясий туруктуулуктун башаты”, - аттуу темада эл аралык форум өткөзүү менен мөңгүлөрдүн мартабасын жер планетасына жар салышыбыз зарыл. Андыктан боордош, коңшулаш мамлекеттердин жарандары сууну көнөрбөс байлык катары билип, мөңгүлөрдү идеология катары таануусу – мезгилдин айныгыс талабы", - деген билдирүүлөрүндө данек бар.

Дүйнөнүн жаратылыш байлыктары чексиз эмес. Таза суусуз, адамзат түгүл бүткүл айбанат жана жандуу жаратылыш жок болот. Азыркы кезде, канчалаган өлкөлөрдө суу тартыштыгы чоң көйгөй. Бул абал келечекте дагы күчөйт. Дүйнөлүк державалар, акчалуу дүйнөлүк олигархтар таза суунун булагы болгон аймактарга көз артууда. Кыргызстанга жыл сайын арабдардын агылып келип жатышы, мөңгүлөргө аттарын койдурууга кызыкдар болушу бекеринен эмес.

Демек, колдо турган кенчибиз болгон мөңгүлөрдү, таза сууну, экологиялык таза аймакты талкалап жок кылып албай, келечектин көзүрү катары ыраатуулук менен туура пайдаланышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости