www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг америкалык PBS телеканалына берген маегинде Кытай менен Орусиянын жакындашуусуна тынчсыздануусун билдирди.

"Түндүк Америка менен Европанын аймагы глобалдык коркунучтарга дуушар болууда. Анткени Кытай өнүккөн аскердик потенциалына, өзөктүк куралына көбүрөөк инвестиция салып жатат жана дүйнөдөгү коңшуларын коркутуу аракетин жүргүзүүдө. Кытай менен Орусия жакындап баратат, алар жакында ири деңиздеги биргелешкен машыгуу өткөрүштү. Биз деңизде жана асманда орус жана кытай патрульдарына байкоо жүргүзүп жатабыз", - деди Столтенберг.

Столтенберг ошондой эле азыркы кырдаалда коопсуздук аймактык эмес, глобалдуу болуп калганын, Европада болуп жаткан окуялар Азияга таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости