www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катуу ысыкка жана сугат суунун тартыштыгына байланыштуу Казакстандын Байзак, Жамбыл, Кордой, Мерке, Т.Рыскулов жана Талас райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Жамбыл облусунун акимчилиги кабарлады.
Мекеменин сайтындагы билдирүүдө жабыр тарткан фермерлерге казак өкмөтүнүн резервинен каражат бөлүү каралып жатканы айтылат.
Сугат суунун тартыштыгынан жана өтө ысык аба ырайынан улам Казакстанда бул жылы түшүм 25-30% аз болору күтүлүүдө.
Быйылкы жайда Жамбыл облусунун беш районунда суу тартыш болуп, катуу ысыктан улам айдоо аянттары кургап кетти. Жамбыл облусу суунун 80% Кыргызстандан алат.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Таластагы Киров суу сактагычында 22-августка карата 14,5 млн куб метр суу калганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,1 млн куб метрге аз экенин билдирди. Ушул тапта суунун келиши секундасына 0,7 куб метр экенин жана суу көбөйбөгөнүн кошумчалады. 2022-жылы суунун келиши секундасына 13,7 метр кубду түзгөн.
Кыргызстан август айынын башында Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүүнү убактылуу токтоткон. Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги муну Кыргызстандын Талас дарыясындагы жана андагы Киров суу сактагычындагы суунун аз болуп жатканы менен түшүндүргөн.
Маалымат боюнча, Киров суу сактагычынан 21-апрелден тарта суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн. куб метр жана суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген. Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарган.
Булак: NazarNews.kg