www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казактар  кымбатчылыкка каршы көтөрүлүштү

Казак эли кымбатчылыкка каршы чыгышты. Жаңы-Өзөн шаары акыркы мезгилде казак кыймылынын башы болуп келатат. Бул шаар Мангыстау облусуна карайт, СССР убагында бул облус Мангышлак же кыргызча Миңкыштак атала турган.  КПСС БКнын Саясий бюросу тарабынан Динмухаммед Кунаев Казакстан компартиясынын биринчи катчы кызматынан бошотулуп ордуна орпус улутундагы Геннадий Колбин келет.Казак жаштары баш көтөрүп 1986-жылдын 16-декабрында Желтоксан көтөрүлүшүнө от тамызгы болот. Туура жыйырма беш жыл өткөн соң 2011-жылдын 16-декабрында Жаңы-Өзөн шаарында бийликке каршы көтөрүлүш чыгат. Казак полициясы куралсыз чыккан элге каршы ок чыгарат. Куралсыз элге каршы чыгарган октон улам 17 адам мерт болот. Адам укугун коргоочулардын айтымында жаап жашырып коюпаса курман болгондордун саны көп экенин айтышат. Ушул иш боюнча 37 адам айыпка тартылып соттолгон.Бийлик тарабынан колдонулган снайперлер элге каршы 20-30 мүнөт ок атышкан. Утегалиев менен подполковник Улыкбек Мылтыков элге каршы ок ата алышмак эмес. Бирок логика боюнча бул жерде чыр-чатак даярдалып жатканын сезишкен бийлик бир ай мурун спецназ менен ОМОНдорду даярдашкан. Элди резина ок менен атышып же башка каражаттарды колдонушса болмок. Эмнегедир элди тарбиялап койолу деп бул атууга күн мурунтан даярданышкан. Эл боз үй тигишип, көтөрүлүшкө чыккандар отурушкан. Аңгыча полиция кысып келип бирок аларды сүрүп салышкан. Бул тууралуу видеого тартып алышкан. Эгер видеороликтер болбогондо Жаңы-Өзөн тууралуу эч ким билбей калмак. Себеби бийлик тарабынан даярдалган провокаторлор полицияга каршы чыгышып, полиция ок чыгара башташат. 16-декабрда бардык оорукана канга бойолгон. Тез жардам ошол замат келип атылгандарды ташыган эмес, шаардыктар өздөрү уюштурушуп катуу жарадар болгондорду ооруканага ташый башташкан. Жарым саат өткөн соң гана тез жардам келе баштаган.

Моргдо 16 орун гана болгон. Ошондуктан 16 адам гана атылган деген кеп чыккан. Чындыгында өлгөндөр  кыйма-чийме кулап жатышкан дешет. Ооруканага киши батпай 30-40 километр алыста турган Актау облусуна киши ташый баштаган, бул жактан да катуу жарадар болгондордун арасында курман болгондор бар. Өлгөндөр арасында он алты жаштагы  Рахат Кошеров көтөрүлүшкө катышкан эмес, машинада отурган жерде ок тийип Актауга алып жөнөшөт, ал жерден ал набыт болгон.  Анын энеси эптеп Жаңы-Өзөнгө алып келет, ал жерден аны көмдүрбөй койгон. Анткени өлгөнү тууралуу күбөлүктү эгер ок тийип өлгөн жок деп  макул болсо гана бийлик бермек.

Ошондуктан он алты адам гана өлгөнү тууралуу күбөлүккө ок атуудан гана курман болушту деп жазышкан. Калгандары бийликтин айткандарына көнүшүп ар кандай себептер менен өлдү деп жазышкан. Кээ бирөө жүрөк оорусунан приступ болду, инфарктан каза болду деп жазышкан. Мисалы бир адам үйүнөн сигарет алганы чыгат, анан жок болуп кетет. Үйүндөгүлөр издейт, ал реанимицияда башына ок тийген боюнча жаткан болот.

Мисалы  Базарбай Кенжебаев. Ал кичүү кызы төрөтканада төрөдү бекен билгени чыгат. Аны жолдон кармап алышып комендатурага алып келишип , СИЗОдо сабашып бир нече күн кармап жатат. Анын кызы Асем издеп чыгат, аны да ИВСга алып келишип  сабашат. Аны билгендер бар экен,аны сактап калат. Ал үйүнө келген соң атасынын сөөгүн алып келишет. Ал таяк жеп жатып көз жумган. Көп узабай жубайы каза болот. Европарламентке атасын кыйнагандыгын далилдеп берген кызы Асем да көз жумат. Асем менен журналистка Елена Костюченко кандай кыйноолор болгонун  дүйнө алдында далилдеп беришкен.

Жаңы-Өзөндө атуулар болгон соң бул жерге карантин киргизилген. Белгилүү мезгилдерде гана сыртка чыгууга мүмкүнчүлүктөр болгон.  Эгер ОМОН көрсө бардыгын текшерген. Соткаларды караган эгер көтөрүлүш чыккан жердин сүрөттөрү болсо телефонду тартып алышып, өзүн комендатурага алып кеткен.

ИВСга жакын жерде гараж болгон, ал жерде декабрдын эң чыкыроон күнүндө400 адам жылаңайлак муздак какшаган күбүрдө кыйноо тартып турган. Аларды кыйнап сабашкан. Күч структуралары алардын арасынан бул тартипсиздикке ким жооп берерин  аныкташ үчүн ур-токмокко алып турган. Коменданттык саат учурунда көчөлөрдө машиналар жүрүп турган. Бул далилденген факт коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн кишитлерге ок атылып турчу. Фашисттик оккупанттар СССРдин кээ бир жерин басып алганда да мындай ок атууулар болгон эмес.

Мисалы төрт баланын энеси банкоматта акча алам деп кезекте турган. Ушул мезгилде ок атылып анын мойнуна тийип ошол замат жан берет. Атылган ок киши тандамак беле?

 Полицейлер окту туура эмес пайдалангандыктан жооп беришкен. Бешөө облустук деңгээлде жооп беришкен, алар туура эмес команда беришкени үчүн бийликти калкалап жооп беришкен. Экөөбаштап барганы үчүн, дагы үчөө тиешеси жок адамдарды атканы үчүн. Калыстык үчүн  айта кеткенибиз оң курал-жарактарды тараткан учурда ким кайсы куралдарды алганы жазылган эмес, ошондуктан кимдин атканы белгисиз, курал-жарактардын ээлери гана жооп беришкен. Лейтенант Женисбек Темиров 16-декабрда жаңы эле ИВСга комендант болгон. Ал жердеги генерал, полковниктер эч жаза алышпай ага беш жыл жаза беришкен.

Бул иш боюнча сот болуп  241 берене боюнча 37 адам айыпталган. Алардын ичинде 19 адам кыйнаганын жашырышкан эмес. Аларды кантип кыйнашканын айтып беришкен. Бул айоосуз кыйноо болгон.  Адвокаттар бул ишти кайра карап чыгышын талап кылышкан.  Бул иш боюнча Жаңы-Өзөнгө запрос жөнөтүлгөн, алар эч кандай кыйноо болгон эмес дешип, сот аларга ишенип сот процесси аяктаган. 13 адам соттолгон, эң көп мөөнөт жети жыл  Роза Тулетаева — алган калгандары алты, беш, төрт жыл моюндарына илишкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости