www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектепке күчүк көтөрүп барган Алихан мектепке бара элек. Бул тууралуу апасы Гүлкумар Сарыбаева билдирди. Анткени баланы адамдар эрмектеп жатышат. Ошол үчүн азыр Алиханды психологго алып барууда.

«Мага кайсы күнү экени эсимде жок, башталгыч класстарынын тарбия боюнча директордун орун басарымын деп бир мугалим чалды. Ал :»башка мектепке өткөрөсүзбү?», - деди эле «жок» дедим. «Башка мектепке өткөрбөйм, жыл аяктап калды»,-деп койдум. Башка жакка барса да, ал жактан балдар менен таанышып, достошкуча убакыт өтүп кетет. Ошол үчүн өзү азыр окуп аткан мектепте эле окусун дедим. Бирок азырынча класс жетекчиси иштейби же иштебейби чечиле элек экен. «Башка класс жетекчини дайындап койсок кандай болот?»,-дешти. Бирок кандай болоор экен деп турам.
Анткен менен эжекеси мага келип же телефон чалып деле кечирим сурап койгонго жарабады. Ал кечирим сурап, видео кайрылуу кылыптыр, ошону көрдүм. Бирок мага өзүнчө чалып, бир ооз кечирим сураган жок.

«Менин баламдын тарбиясы жакшы, бирок кичине шогураак. Мектепке күчүк алып барганга чейин тыйын чычкан алып барган экен, экинчисинде таш бака алып барыптыр. Таш баканы мен өзүм Өзбекстандан алып келип бергемин. Өзү ушундай жан-жаныбарларга кызыгат экен. Анан өлгөн чымчык алып келди, чычкан алып келди дешиптир. Бирок мен аларын билбейт экемин. Баламды мектепке алып барганда досторунан ошону сурайын деп атам. Буга мен өзүм да кызыгып турам. Мен мурун аларын билген эмесмин, бирок таш баканы алып барып көрсөтүп келейин дегенде, макул деп мен өзүм уруксат бергемин. Өзү ыйлап жатып таш бака алып бериңиз дегенинен Өзбекстандан алып келип бергемин», - деп билдирди окуучунун апасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости